«Кунары качуу», «өз касиетин жоготуу», «начарлап кетүү» деген коркунучтуу маанилерди кээде биз орусчалап «деградация болуу» деп да коёбуз. Мына ушундай ар кыл айтылган бир маани азыркы биздин улуттун-кыргыздын баскан жолуна, келип берген кебетесине колдонсок ашыгы болбос, аттиңден арбын айттырган өкүттөсү болор, жүрөктү канаткан капасы болор… түшүнүгү бар адамга. Кыргыз дегенде эске келчү мүнөзүн, адатын, дилин, ыйманын, салтын… баарын-баарын аралаштырып сын бергенде кыргыз сындуу эл эч жерде жок экен, болгон да эмес экен. Мына ошол мыкты сапаттарыбыз туш-тарабынан жешилип келип, бүгүнкү күнү сынынан жазып, сыпатынан кетип жатпайбы, наалатыныкы! Ооба, адамзат өсүп-өнүп олтуруп кайсы бир тушта ар тараптан жакшы деген маани курчайт экен да, анан илим-билимдин, анын аркасында түрдүү технологиянын өнүгүшү менен, көроокаттын ашкере топтолушу менен адамзат мүнөзү башка нукка өтүп, мурунку баалуулуктар жашоонун жакшы ыңгайын түзүүгө жумшалып калат экен. Адам баласынын дили эмес, денеси каалаган шарттар, нерселер көбөйгөн сайын дил бузула баштайт тура. Кызыгың кур, бир кезде адамдар кийимге жетпей, эркектери тизеси жыртык шым, аялдары тарам-тарам тытылган этектүү көйнөк кийген турмуш болгон эле, азыр болсо кээ бир көпкөн жаштар жапжаңы турган шымынын тизесин атайылап жыртып алып кийип жүрүшпөйбү… Дагы бир айбандыкты кечээ жакында биздин эле кыргыз телесинде иштеген бир кыз жасады, интернетте жүрөт: торттон эркектин мүчөсүн жасатып четинен жалап жебатпайбы! Муну айбандык деп койсок, баасына чыгып бербейт го!
Адам баласына артка кылчая карап жүрүү парз.
Эгерде жалаң гана азыркыга канааттанып жашасаң, анда адамдыгыңдын калганы. Кечээки кемшейген турмушуңду унутсаң, анда келечекте ошондой турмушка оңой эле кабыласың. Бул жазылбаган күчтүү мыйзамдардын бири. Күчтүү мыйзам деген дайыма иштеп турат. Кыргыз баласы «Манаста» ж.б. эпосторубузда жазылгандарды эстеп турсун, кыргыз деген кытайлар, калмактар менен чабышканын эстей жүрсүн, кыргыз деген кийин эле Кокон хандыгы эзген күндөрүн, андан соң орус падышачылыгына эзилген күнүн унутпасын, андан бери Үркүн, социалисттик революциядан кийинки ач-жылаңач турмуш, Ата Мекендик согуш кезинде бир ууч буудай үчүн атылып кетчү жагдай… баарын эстей жүрүшүбүз керек. Курсак канча ток болгон сайын, ач-жылаңач кез ошончо көп эскерилсе, жакшылыкты көздөп жашаганыбыз болор. Бирок да үйдө жатып алып «бабабыз Манас баатыр болгон, айкөл болгон» дегенден арбын айтып, короого ууру секирип түшсө, катындардын дамбалына кире качпайлы… кичине, кипкичине болсо да айбат кылганды унутпайлы… кээси менен айкөлдүгүн да колдонуп коёлу…
Кыргыз турмушунун бүгүнкү күндөгү сүрөтүндө дээрлик көпчүлүк көроокаттын жетегинде калганы көрүнүп жатат. Көроокатка, байлыкка дейли, берилгендик айбан турмушуна жакындагандык менен барабар. Ошол да, айбандарга курсак тогунан башка не керек?! Азыр «баланча акча жеп коюптур, түкүнчө пара алып кармалыптыр, тигинин үйүнө ууру кириптир, каракчылар кирип тоноп кетиптир, акчасын да алып өлтүрүп кетиптир» дегендерден күн куру эмес. Бүтүндөй эл акчанын артынан түшкөндөй сезилет. Кыргызга гана мүнөздүү «тобо келтирип, топук кылып» жашоо айталаада калды окшойт!
Бүгүнкү кыргызыңда кечээкинин бири жок.
Ошол жоктоп калган сапаттарыбыз азга кетип кайра келеби же түбөлүк коштошуп кетибатабы деген суроо турат алдыбызда. Эгерде убактылуу кетип, кайра кайта турган болсо, демди басып, «биз күткөн күн да келер» деп, баскан-турганыбызды оңдогон болуп, батинкебизди да, дилибиздин ичин да тазалап, үйдөгү менен дилдеги акыр-чикирден арылып күтүп аларбыз. Ал эми түбөлүккө кетип берсе, анда биротоло улут катары жок болгонубуз ошол! Ооба, андай күндө деле жаман курсакты тойгузуп жүрө бермей жашоо уланат дечи, бирок, накта адам болуудан каларбыз, короодогу күрөң уй менен бир тепкичте турарбыз, жок, ал сүт берип уйлук парзын аткарат, а биз адамдык парзды аткара албагандан кийин, бир тепкич төмөн турарбыз… Көрдүңүзбү, кандай коркунучтуу жагдай.
Илим-билимдин туу чокусуна жеттик дегенибиз менен жаратылышта кезиккен миллиондогон суроолорго жооп таба албай келатпайбызбы. Жөнөкөй эле көрүнгөн: «Тоок мурун жаралганбы же жумурткабы?» дегенден чалынып, оңкодон сайылып жатпайбызбы. Кандайдыр бир сырткы күч сөзсүз бар, кудай анын ичинде дейли. Демек, жан-жаныбарды, адамзатты жарык дүйнөгө алып келген Жараткан бар да. Мына ошол Жараткан жансыз менен жандуулардын баарын эбине келтире жасаган, ар кимисине жараша өмүр берген, аракетин кошо берген. Айталы, адам баласынын жашоосунда аял, эркек болуп экиге бөлүнөт да аялы тигини кылат, эркеги муну кылат деген жол-жобосу бар. Мына ошол белгиленген чекти бузуп, азыр эмне күндү көрүп жатабыз? Батыштын көпкөн билермандары гендер деген саясатты ойлоп тапты эле, анысы аша кетип азыркы аялдар эркектен эмнебиз кем деп, эмнеси кем экенин билип туруп, балээнин баарын турмушка алып келип жатат. Эң жаманы — кээ бир аялзаты энелик милдетин чанып жатканы! Бүгүнкү күндө алсыз деген, назик деген, сулуу деген, керемет деген, үлпүлдөгөн деген… аялдар боксташып, эрежесиз урушта бири-бирин көтөрүп чаап, көткө тээп жатканы, штанга көтөргөнү, футбол, хоккей ойногону бар. Аялзатына мүнөздүү асылбаа сапаттар калып барат, аялың эркектен өтө зөөкүр болуп барат! Бул деген Жараткан берген эреже-чектин бузулушу! «Манастагы» Кайыпчы кызы Куялыны айтат го: «Аңтарып коё таштаган, а тургай Манас бабаңды» деп. Азыркы аялдардын жанында Куялы эмне болуп калыптыр!
Адамзат бирди көрөрүнө аз калды окшойт. Аны өз колу менен жасап жатат. Клондолгон жаныбарларды жасады; айнек түтүктөн бала чыгарып жатат; бети-башы жакпай операция жасатып жатканы канча; өлчөөсү өзүндө болсун, кестирип-тиктирип эркеги аялга айланып, аялы эркекке айланып жатат; аял аял алып, эркеги эркекке күйөөгө тийип жатат; мындайды айбан да жасабайт десең «адам укугун» бузбагыла дейт, укугуң менен сенин! Иттерге, мышыктарга миллиондоп байлык таштап кетип жаткан байлар бар, порумум бузулат деп бала төрөп бакпай, ит баккан катындар толуп чыгып кетти го! Ырас, кыргыздардан андайлар өтө чанда. Чанда болгон нерсенин, көрүнүштүн баары эртең эле массалык болуп жайнап кетип жатпайбы… Кыргыздын аялдары калп айтчу эмес эле го. Эми болсо, аферисттерден баш адашат. Акча деп бала өлтүргөндөр чыкты, төрөп туруп итке салып бергендер чыкты. Эми ошондойлордун жашоого акысы барбы?! Жок жана жок! Бул мыкаачыларды өлтүргөнгө болбойт, укугу бузулат экен… Тиги өлгөн наристелердин укугу кайда, ыя, укук коргоочулар?! Батыштын былжырагын сиңирип жатып, элибиздеги кээ бирлер айбанга айланып барат! Түшүнүп деле бүттүк го Батыштан жакшы жосун келбей калганына көп болбодубу. Алардын анча-мынча жакшылыгын небак алып бүткөнбүз! Анан калса алардын бир дагы “жосуну” бизге туура келбейт да экен! Батышың курусун, эки-үч жыл мурунбу, баарыңардын эсиңерде бардыр, Норвегияда бир айбан эки жерден сексенден ашык адамды атып салып кармалып, болгону жыйырма жылга араң кесилген. Эми ошол неме таптаза бөлмөдө жатат, тамактын түрүн ичет, таптаза шейшепте жатат, телевизор көрөт, тренажер залына барат ж.б. Ушул кантип болсун! Андай немени күндө бир жерин кесип, кыйнап өлтүрүш керек го! Эмне үчүн өлүм жазасы Америкада бар, Кытайда бар, Белорусияда бар, ондогон араб өлкөлөрүндө бар. Анткени, аларда аябай чоң күнөө кылган неме коомдо күнөөсүз адамдар менен бирге жашоого акысы жок деген туптуура бүтүмү бар. А биз болсо, «гумандуу болобуз»деп, былжырап кенедей наристени зордуктап туруп өлтүргөн немелерди да бапестеп багып жатабыз. Аныбыз айбанчылык, нааданчылык! Бу дагы коомубуздун бузулгандыгынын белгиси…
Кайрадан бар жаманчылыкты алып келип жаткан акчадан айталы. Жалаң эле кыргыз эмес, бүт дүйнөнү коррупция каптады. Бирок, бизге окшоп биротоло кекиртегине чейин ага баткан мамлекеттер бу чөлкөмдө жок. Мурун момурайган эле эл элек, эркиндик келди дегенде тизгин тарта албай калдык, ага кошумча Акаев деген жөнсүз президентибиз, анын жанындагы Жумалиев, Чынгышев, Талгарбеков деген немелер акча жегенди баштап берди эле «жеп-иччү» процесс шыр кетти. Акаевден кийин Бакиев деген желмогузу эл байлыгын кантип жегенди, өз элин кантип кордогондун «классикалык» түрүн көрсөтүп кетти! Андан кийин токтотууга болбой калды. Кийин коррупцияга күрөш катуу жүрүп жатат деп биринин артынан экинчиси кармалат, камалат… чети оюлчу түрү жок! Көз тойбогондун мыкты үлгүсүн Акаев, Бакиевдерден кийин Түлеев, Келдибековдор көрсөттү. Бул экөөнүн дүнүйөсү эсептеп бүткүс болсо да, «биз ак эмгегибиз менен тапканбыз» деп, «арам эмгеги» бадырая көрүнүп турса да беттери тултуюп жатышпайбы, түз эле «саясий заказ» менен камап жатат дешти го! Анча-мынча уят-сыйыт болсо, азга уялып калбайт беле?! Аталган экөөнүн жолу менен кетип бараткан жүздөгөн чиновниктер бар, кармалган — кармала элеги менен. Демек, бийликтегилер массалык түрдө жеп-ичкенге бет бурган. Дегеле элдин басымдуу көпчүлүгү «акча эле акча» деген ниет менен күн өткөзүүгө өттү окшойт! Азыркы бийликтин баа-баркы да аябай төмөндөп турат, ал жакка күн өткөн сайын жөнсүз кадрлар толуп барат!
Биз аябагандай ишенчээкпиз, ал ак көңүлдүүлүгүбүздөн. Ошонун натыйжасында өңгө идеяга тез берилебиз. Маселен, Батыштын идеясына жеңилдик, кийин динге сугарылган арабдардын идеясына да жеңилип бердик. Жыйынтыгы: мечиттерибиз мектептерден көп болду, анын ичине тоңкойгон билимсиз жаштар толуп барат. Ошондо келечек жаштардыкы болуп береби?!
Баратбай Аракеев