Домой Коом Бүгүн президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларын БШКга алып келе башташат.

Бүгүн президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларын БШКга алып келе башташат.

139

Бүгүн, 2-декабрда президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларын БШКга алып келе башташат. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйында билдирди.

«Президенттикке талапкерлер шайлоочулардан чогулткан кол тамгаларын бүгүн, 2-декабрдан баштап алып келип башташы күтүлүп жатат. Буга байланыштуу бизди чоң көлөмдөгү жумуш күтүп турат. Убакыт аз. Анткени мөөнөт кыскартылып берилген. Андыктан жумуштан тышкары иштерди пландаштыргыла деген сунуш айтам», — дейт Бекматов.

Президенттикке талапкерди колдогон кол топтоо баракчалары, шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ менен кошо БШКга 3-декабрга чейин тапшырылышы керек. Талапкерлер 30 миңден кем эмес жана 60 миңден ашпаган колдоочулардын колун топтоп, белгиленген мөөнөткө чейин ал баракчаларды БШКга тапшырат.

15-декабрда шайлоо өнөктүгүнүн үгүт иштери башталат. Ал эми 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтөт.