Домой Коом Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралат

32

Бүгүн, 29-октябрда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи Май райондук соту 12-октябрда Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакка алган.

Жазык кодексинин 264-беренеси (“массалык баш аламандыкты уюштуруу”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында бир канча саясатчылар кармалган.