Домой Коом Бүгүн Батукаев иши боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат

Бүгүн Батукаев иши боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат

207

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат.

Анда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова суракка алынары күтүлүүдө. Бул тууралуу Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирди.

Айтымында ал сотко мурунку баш прокурордун орун басарын сотко мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирген. “Мен Усманованы алып келүү өтүнүчүмдү судья колдоду. Ал буга чейинки да отурумдарга катышпай келген, бул чоң мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Ал отурумга келсе аны суракка алабыз. Анын берген көрсөтмөсү маанилүү”, — деди жактоочу.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 7 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди «айыккыс дартка чалдыкты» деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

2019-жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.

булак: super.kg