Шайлоодон кийинки саясий кырдаалдын арты менен Айыл чарба министри болуп келген Тилек Токтогазиевде уят деле жок экен.
Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, бюджет тартыш болуп жатканда иштегенине бир ай боло элек командасына премия бергени эмнеси? Өзү иштегенине араң бир ай болсо, премия берип кызматкерлердин көңүлүнө жол издеп жатабы?
Тилек мырза, бюджет тартыш учурунда ушул кылганыңызды туура деп эсептейсизби?
Ар бир жетекчи узак убакыт бою кандайдыр бир реформаны жасайм деп аракет кылат. Бирок кээ бир иштер бат бүтсө, кээ бирлери жылдап созула турганы маалым. Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев мурдагы министр баштап кеткен иштерди менчиктештирип жатат. Өткөндө өзүнүн Фейсбук баракчасында түз эфирде декабрдын аягына чейин министрликте бардык иш кагаздары электрондук тартипке өтөт деди. Бул ишти мурдагы министр жыл башынан бери аракет кылып келген. Бирок алгач пандемия, кийин өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам иштен кетип, баштаган ишин аягына чыгара албай калган. Бүтөйүн деп калган ишти мен жасап жатам деп менчиктештирбей эле, мурдагы министр баштап кеткен экен. Мен ошону аягына чыгарып жатам десе туура болмок.
булак: kadam-media