Домой Саясат БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 6 талапкер арыз берди

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 6 талапкер арыз берди

123

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын тапшырууда. 16-сентябрга карата, Боршайком билдиргендей, өзүн өзү көрсөткөндөр алтоо болду. Алар – Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев жана Нурлан Танабаев.

Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген, алардын канчасы катоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык боло элек.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо өтө ыплас өткөнүнө нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.

булак: azattyk.kg