Домой Коом БШК: “Сот Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтүү боюнча доо арызын...

БШК: “Сот Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтүү боюнча доо арызын канааттандырууну БШКга милдеттендирүүдөн баш тартты”

49

images (1)

Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтүү боюнча доо арызын канааттандырууну Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) милдеттендирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу БШКдан кабарлады.  

“3-августта К.Абдыкадыровдун төрагалыгы астында Бишкектин райондор аралык соту Ө.Текебаевдин ишенимдүү өкүлү А.Жолдошбековдун “мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттен өтүүгө шарт түзбөгөн БШКнын аракетин мыйзамсыз деп табуу жана орун алган тартип бузууларды жоюуга милдеттендирүү жөнүндөгү” арызын карады. Бул доо арыздагы талаптарды канааттандыруудан сот баш тартты.  Ошону менен бирге сот А.Жолдошбековдун арызын кароодо тиешелүү чечим (ооба же жок) кабыл алууга БШКнын аракет жасабагандыгын тааныды”, — деп айтылат аталган маалыматта.

fake birth control pills for sale. БШК буга чейин жумушчу кеңешменин жыйынтыгы боюнча Ө.Текебаевдин өкүлүнө абакта отурган талапкердин шайлоо процессине катыштыруу боюнча укуктук механизмдер соттун компетенциясына тиешелүү экенин түшүндүргөнүн белгилейт. “Буга чейин БШК жумушчу кеңешменин жыйынтыгы борюнча Ө.Текебаевдин өкүлүнө абакта отурган талапкердин шайлоо процессине катыштыруу боюнча укуктук мехинизмдер соттун компетенциясына тиешелүү экенин түшүндүргөн. Анткени, айыпталуучуга козголгон кылмыш иши боюнча учурда соттук териштирүү уланып жатат”, — деп айтылат БШК тараткан маалыматта.

Буга чейин айрым “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү дал ушул соттун чечимин бурмалап, туура эмес маалымат тараткан. БШКнын бул билдирүүсү аларга жооп десек болчудай экен.