Домой Саясат БШК шайлоосу. «Эмгек» партиясы Борбор калааны бишкектиктер жана туристтер үчүн ыңгайлуу кылат

БШК шайлоосу. «Эмгек» партиясы Борбор калааны бишкектиктер жана туристтер үчүн ыңгайлуу кылат

299

Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек» партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан талапкерлер ар күнү шайлоочулар менен жолугушуп, партиянын шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырып, үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Күн мурун Руслан Шаршенбай уулу Үсөнбаев көчөсүндө, ал эми Лира Акунова 4-кичи райондо эл менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда шаар тургундары көтөргөн көйгөйлөрдүн бири — борбордун архитектуралык көрүнүшү болду.

«Мен архитектор-дизайнермин жана шаар куруу нормалары жөнүндө баардыгын билем, кесибим боюнча тажрыйбам мол. Эгер мен БШК келсем, ландшафттык жасалгалоо, көрктөндүрүү жана башаламан имараттарга каршы күрөшүү менен алектенем. Ар бир райондо адамдар эс ала турган чакан парктар болот. Мен Бишкекти калаанын жашоочулары үчүн ыңгайлуу жана туристтер үчүн жагымдуу кылгым келет», — деди Руслан Шаршенбай уулу.

«Биздин партиянын программасында мектеп окуучуларына оруун жоктугу жана жетишсиздигин кошкондо шаардагы бардык актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору камтылган. Мектеп жана бала бакчаларды жашаган жерине жакын жерге курууну (анын ичинде муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн негизинде) жана билим берүү кызматкерлерине кошумча төлөнүүчү каражаттарды көбөйтүүнү пландап жатабыз», — деди Лира Акунова.

Жолугушуулар ачык асман алдында жана бардык санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү. Ар бир жолугушууга 25дей адам катышып жатты.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде «Эмгек» партиясы 4 деген номер менен катталган.

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.