Домой Коом БШК шайлоого катышууга кайсы партияларга укук берилерин он күн ичинде аныктайт

БШК шайлоого катышууга кайсы партияларга укук берилерин он күн ичинде аныктайт

170

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого кайсы партиялар катышарын 24-августтан 3-сентябрга чейинки аралыкта тактайт. Ага чейин партиялардын документтери, талапкерлер тууралуу маалыматтар текшерилет. Ошондон кийин гана шайлоо бюллетенине кайсы партиялардын аты жазылары анык болот. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо өткөрүүгө байланыштуу мыйзамдарга таянып, «Азаттыкка» билдирди.

24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алуу жыйынтыкталып, 17 партия эрежелерди аткарганы айтылган. Бирок «Кыргызстан» партиясы документ тапшыруу шарттарын бузган деп, 25-августта документтери артка кайтарылган.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттары партиялык система аркылуу беш жыл сайын шайланат. Кезектеги шайлоо 4-октябрда өтөт.

Булак: azattyk.org