Домой Саясат БШК: Референдум өткөрүүгө 55 миллиондон ашуун каражат сарпталат

БШК: Референдум өткөрүүгө 55 миллиондон ашуун каражат сарпталат

107

Жаңы Конституциянын долбоору боюнча өтө турган референдумга 55 миллион 600 миң сом бөлүнө турган болду. Бул чечим кечээ, 14-мартта БШКнын жыйынында кабыл алынганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Бул сумма кечээ өткөн жыйында бекиди», — деди Бекматов. Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи жана үчүнчү окууда референдумду 11-апрелде өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун колдогон. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгону маалымдалган.