Домой Коом БШК президенттик шайлоону өткөрүү үчүн басып чыгаруу жумуштарына тендер жарыялады

БШК президенттик шайлоону өткөрүү үчүн басып чыгаруу жумуштарына тендер жарыялады

37

Борбордук шайлоо коммиссиясы президенттик шайлоону өткөрүү үчүн  басып чыгаруу жумуштарына тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Жалпы аткарыла турган жумуштардын пландалган суммасы 3 млн 103 миң 440 сом деп көрсөтүлгөн.

Тендердик сынакка катышууну каалагандар 9-декабрга чейин тапшырык берүүсү керектиги жазылган.