Домой Коом БШК президенттик шайлоого катышууга 18 талапкерди каттады. Тизме…

БШК президенттик шайлоого катышууга 18 талапкерди каттады. Тизме…

81

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна 18 талапкерди каттады.

Алар төмөнкүлөр:

1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;

2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;

3. Исаев Канатбек Кедейканович;

4. Тагаев Рашид Бакирович;

5. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;

6. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;

7. Касенов Аймен Абдыталипович;

8. Арстанбек Мыктыбек;

9. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;

10. Ташов Имамидин Асамидинович;

11. Асанов Курсан Сатарович;

12. Иманалиев Каныбек Капашович;

13. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;

14. Абакиров Эльдар Курманбекович;

15. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;

16. Тольбаев Бабыржан Латиханович;

17. Сегизбаев Абдил Кенешевич;

18. Жапаров Садыр Нургожоевич.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга ылайык президенттин кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышты:

— өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арыз;

— мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат;

— 1 млн. сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн бышыктоочу

документтер;

— талапкерди колдогон шайлоочулардын 30 миңден кем эмес

колтамгалары;

— биографиялык маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө

маалыматтардын формасы.

Жумушчу топтун маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынынп президентинин кызмат ордуна жогоруда аталган бардык талапкерлерде 30 миң ишенимдүү колтамгалар бар экендиги аныкталды.

КР БШКнын токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна 18 талапкер катталып, аларга күбөлүктөр берилди.