Домой Коом БШК парламенттик шайлоодо партиялар канча акча короткондугу тууралуу маалымат берди

БШК парламенттик шайлоодо партиялар канча акча короткондугу тууралуу маалымат берди

145

БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо боюнча төмөнкү маалыматты билдирди.

Шайлоо мезгилинде саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине 668 864 906 сом которулуп, 668 582 779 сом сарпталды.

1-таблица. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат 03.10.2020-жыл (миллион сом).

Саясий партиянын аталышы Келип түштү Чыгымдалды
1 «Биримдик» («Единство») демократиялык партиясы 104,664 104,664
2 «Мекенчил» 19,565 19,565
3 «Ыйман Нуру» адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 8,192 8,192
4 «Мекеним Кыргызстан» 142,522 142,503
5 «Реформа» 7,900 7,890
6  «Ата Мекен» социалисттик партиясы 52,833 52,833
7 «Замандаш» 41,708 41,708
8 «Бүтүн Кыргызстан» 9,487 9,487
9 «Социал-Демократтар» 16,405 16,404
10 «Мекен Ынтымагы» 7,493 7,493
11 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» 10,788 10,788
12 «Ордо» 14,430 14,430
13 «Бир Бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы» 50,324 50,324
14 «Республика» 51,848 51,848
15 «Кыргызстан» 123,919 123,666
16 «Чоң казат» 6,789 6,789
БАРДЫГЫ, млн.сом: 668,865 668,583

Саясий партиялардын 2020-жылдын 3-октябрындагы финансылык отчетуна ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна жалпы суммасы 547,73 миллион сом акча каражаты келип түшкөн, анын 542,51 миллион сому мыйзамдарда белгиленген тартипте алынган.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу үчүн саясий партиялардын шайлоо фондунан 521,794 миллион сом сарпталды, анын 80 миллион сому (15,3%) шайлоо күрөөсүн төлөө үчүн төлөндү. Акчанын көпчүлүк бөлүгүн саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштерине сарпташты – 384,839 миллион сом (73,7%), анын ичинен телерадиоберүү уюмдары аркылуу үгүт жүргүзүүгө – 150,081 миллион сом (28,8%); мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалары аркылуу үгүт жүргүзгөндүгү үчүн – 108,861 млн сом (20,9%).

Саясий партиялардын шайлоо фонддорунан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы 21,303 миллион сомду түздү.