Жалган чектерди колдонуу жана добуштарды кол менен эсептегенде бюллетендерди дүңүнɵн таштоо менен чагымчыл жасоо боюнча маалымат түштү. Бул тууралуу БШКнын тɵрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү ɵткɵргɵн маалымат жыйында маалымдады.
«Биз УШК ɵкүлдɵрүнɵ ушундай технологиялар колдонулуусу белгилүү болгон учурларда кандай аракеттерди кɵрүү керектигин айткан эксперттик инструцияларды жɵнɵтүп жатабыз. Мындай чагымчыл аракеттерден коргонуу боюнча бир катар сунуштарды бердик. Участкалардан алынган маалыматтарга ылайык, азырынча буга окшогон фактылар жок, УШКлардын мүчɵлɵрү инструкция боюнча иш алып барышууда», — деди БШК тɵрайымы.
Н. Шайлдабекованын пикиринде, шайлоо жыйынтыгын тануу ыкмасы ɵздɵрү каалаган натыйжага ээ болбой калганда пайдаланылышы ыктымал. «Мындай чагым жасоо схемасы бюллетендердин саны идентификация боюнча чектердин санынан кɵп болгон учурда колдонулушу боюнча божомолдор бар, эгерде факт аныкталбаса, анда жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек. Бирок биздин комиссия мындай жол менен добуштардын санын азайтууга жол бербейт», — деди ал.