Домой Саясат Бекбосун Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун авторлору — ага кол койгон депутаттар болот

Бекбосун Бөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоорунун авторлору — ага кол койгон депутаттар болот

107

Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору – аны референдумга алып чыгуу тууралуу мыйзам долбооруна демилгечи болгон депутаттар. Бул тууралуу 20-ноябрда Баш мыйзамдын референдумга коюла турган вариантын иштеп чыгуу үчүн 20-ноябрда түзүлүп, дароо ишке кирген конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди:

“Автору – демилгечи болгон депутаттар. Конституциялык кеңешмеде талкуулап бүткөндөн кийин биз, кеңешменин 85 мүчөсү авторлош болуп калабыз”.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, мыйзам долбоорунун демилгечилери 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.