Домой Коом Бороновго баа бериле баштады

Бороновго баа бериле баштады

303

Пандемия күчөп турган кезде биздин өлкөдө өкмөт башчы алмашкан. Ушундай кезде дагы алмаштырабы дешип ага каршы чыккандар да бир топ болгон. Бирок баардык нерсенин оң жана тетири жактары болот окшобойбу.  Боронов чындап эле чарбачыл болуп ишти алдыга сүйрөгөн жетекчи же ал  жолдуу деп аналитиктер анын ишмердүүлүгүнө баа бере башташты. Чын эле жолу оңдуу болуп калдыбы? Кызматына киришээри менен евразес өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына барып калды. Россиянын премьер-министри менен жолугушуп, Кыргызстанга жөн гана дары-дармек жабдуу гана эмес дарыгерлердин тобу келип практикалык жардам көрсөтүү маселесин чече келди. Өтө катуулап бараткан пандемия чын эле жардам болдубу же психологиялык фактор болдубу ахыбал чындап эле өзгөрө түштү. Андан сырткары аналитиктер анын Өзгөчө кырдаал министрлигин жетектеп турганда өлкөдөгү ахыбалды абдан жакшы билип калгандыгын да баса белгилешүүдө. Боронов өкмөт башчы катары жөн гана тапшырма бербестен аны кайра-кайра текшерип турат дешүүдө. Чиновниктер мындай текшерүүдөн кийин жакшы иштешет. Өзгөчө демилгелүү ишин ал  саламаттыкты сактоо тармагында көрсөтүүдө. Бороновдун демилгелүү иш аракеттери өлкөдо  президентке болгон сын пикирлерди кандайдыр бир деңгээлде майтара алды.

Булак: ARGUMENT.KG