Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди:
«Түзүлгөн абал шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл».
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү.