Домой Саясат “Борода” менен Бахадыр Кочкаров депутатыкка ат салышат

“Борода” менен Бахадыр Кочкаров депутатыкка ат салышат

40

Бахадыр КочкаровОш шаардык кеңешине депутаттыкка 13 партиянын өкүлдөрү ат салышмай болду. Арыздарды кабыл алуу 15-февралда токтогон. Зарыл документтерди толук тапшырган 13 партия шайлоого катышууга уруксат алды. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдижалил Муратовдун айтымында, шайлоого барууга 17 партия арыз менен кайрылган. Алардын ичинен 4 партия документтерин толук бербегенден улам шайлоого катышуудан четтетилди. «Күч биримдикте», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Кыргызстан социал-демократтар партиясы», «Демократ», «Ата Журт», «Эмгек», «Аалам» партиялары шайлоого катыша алышат. КСДП партиясынын тизмесин шаардын вице-мэри Жапар Ормонов баштады.

Талапкерлердин арасында Ош ШИИБдин жетекчисинин мурунку орун басары – «Борода» деген каймана ысымдуу Шакир Зулимов бар. Аны бир ай мурун ардактуу эс алууга узатышкан. Ошондой эле партиянын тизмесинде FIFA’нын рефери Бахадыр Кочкаров да бар.