Боом капчыгайындагы унаа жолуна тоонун айрым жерлеринен шагыл таштар кулап жатат. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Репортер басылмасына билдиришкен.
Буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлө тургандыгын маалымдаган. Таш кулатуу иштери 3-июлдан 10-июлга чейин улантылып, жол маал-маалы менен жабылып турат. «Жолдо 20-30 автоунаалар чогулган сайын таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат», — деп айтылат маалыматта.