СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.
Залкар режиссёр Болот Шамшиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Белгилей кетсек, Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында оорупказа болду.
Маркумдун артында үч уулу жана эки кызы калды.
Булак: Спутник