Маркумдун жакындары берген маалыматка ылайык, Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда Опера жана балет театрында болот.
Таанымал кинорежиссер ноябрь айынын соңунда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиникада жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылып жаткан.
Кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде төрөлгөн.
Ал «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» жана башка көркөм тасмаларды тарткан.