Мындай чечимди бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту чыгарды. Белгилей кетсек, блогер Эльмир Сыдыманов 17-февралда аймак аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, блогерди №1 тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.
Блогер буга чейин өзүнүн “Инстаграм” баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.
Булак:7 канал









