Домой Саясат «Биз сиздердин үмүтүңүздөрдү актайбыз». «Эмгек» партиясынын талапкерлери шайлоочулары менен жолугушууда

«Биз сиздердин үмүтүңүздөрдү актайбыз». «Эмгек» партиясынын талапкерлери шайлоочулары менен жолугушууда

146

Бишкекте шаардык кеңештин шайлоосуна карата үгүттөө кампаниясы уланууда. «Эмгек» саясий партиясынын талапкерлери ар күн сайын шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Талапкер Самат Дөлөтбаков жолугушуулардын бирин А.Токтоналиев көчөсүндө өткөрдү. Ал Бишкек шаарында 20 жылдан бери жашап келе жаткандыктан, борбор калаанын көйгөйлөрүн жакшы билерин жана өзүн натыйжалуу кризис-менеджер катары көрөрүн айтты. Бир топ чет өлкөлөрдө болгондугума байланыштуу, көпчүлүк эл жашай турган шаарлардын кандай куруларын көрүп-билип калдым. Шаарыбыздын жайчылыгы үчүн өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын. Бишкектиктер менен жолугушууларды көбүрөөк өткөрүүнү пландап жатамын. Бул менин саясаттагы саамалыгым (дебютум). Мага мүмкүнчүлүк беришиңиздерди өтүнөм», — деди Самат Дөлөтбаков.

Дагы бир талапкер Лира Акунова болсо 5-кичи районундагы #11 үйдүн жашоочулары менен жолугушту. Шаар тургундары жайлуулук, экология жана транспорт жаатындагы маселелерди көтөрүштү.

«Бул жана ушуга окшогон темалар «Эмгек» партиясы даярдаган «Демилгелүү шаар» программасында кенен чагылдырылган. Анда борбор калаага байланышкан актуалдуу маселелер жана аларды чечүү жолдору көрсөтүлгөн. «Эмгекке» добушуңарды бериңиздер. Биз сиздерди кайдыгер калтырбайбыз», — деп билдирди Лира Акунова.
Жолугушуулар ачык асман алдында жана санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү. Ар бир жолугушууга 20дай адам катышып жатты.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде «Эмгек» партиясы 4 деген номер менен катталган.

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.