Домой Саясат “Биз – митингчилердин тукумунанбыз!”

“Биз – митингчилердин тукумунанбыз!”

73

plavix south africa prices. 1032621439

Азыркы күндө мага окшогондор Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун эсебинен жашап жатат деп айтууга акым бар. Күн алыс эмес булардын соту күндө болсо бизге окшогондорго жакшы. Мейли, 30 градус суук болобу, күн 42 градуска ысып кетеби, бизге жолтоо боло албайт. Анткени, суукка, ысыкка жараша “ставкабыз”  жогорулап турат. Болбоду дегенде күнүгө чөнтөккө миң сом култ дейт түшөт. Түштө гамбургер же болбосо ысык токоч суусу менен сөзсүз берилет. Бекер тамакты бизге башка бирөөлөр бермек беле? Кээде Капашыч, же Никитенколор  келип калса, активдүү митингчилерге сөзсүз сыйлыкка акча берилет. Бахадыр деген күйөө бала депутаттан да шириндиктер тартууланып турат. Кыскасы, биздин эмгекти баалаганы үчүн ырахматыбызды айтабыз.

Ошол мээнет менен тапкан наныбызды колдон талашкандар да бар.Алар кызыл шапкечендер. Эми аларга деле өкмөт бизге каршы турганы үчүн акча төлөп бергени үчүн  биз менен үрпөңдөшкөнгө чейин барып жатышпайбы? Кийими айрылып, погондору жулунса, складдан жаңысын беришет. Ошондуктан эски карышкырлары митингге жаңы формасын эч убакта кийип келбейт. Айтор, биз да, булар да кырдаалдын куйтулары болуп калдык. Көптөн бери митинг менен жан багып жүргөндөрдү милийса эмес, көчөдөгү иттер деле таанып калды. Көп учурда эски тааныштар көз кысышып калабыз. Кантсе да оокат табуунун айласында жүрбөйлүбү?

Негизи мен биринчи жолу революция болгондо он бирде болчумун. 2005-жылы таенем, апам эки сиңдиси болуп ОБОНдун пайдубалын түзүшкөн. Атам бизди таштап башка катынга кетип калыптыр. Ар кайсы митингдерге ошентип бала кезимден катышып калдым. Кечинде митингден келгенде тапкан акчаларынын баарын  таэнеме беришчү. Төртөөнүн акчасы миң сомдон кемибейт эле. Ал кезде ар бир кишиге 200 сомдон беришчү. Милисалардын бетин тытып, кийимин айрыгандарга кошумча акча төлөнчү. Бара-бара менин жоош деген апам долу болуп кетти. Ажылдап эле тигилерди беттен алат. Сиңдилери менен атакага өткөндө байкуштар кирерге жер таппай калышчу. Ошентип шаардын четинен үч тилке жер алып, биз да эл катары үйлүү болуп калдык. Ошол кезде бизге окшогондорго Үсөн Сыдыковдун чоң жардамы тийгенин эмдигиче оозунан ОБОНчулар түшүрїшпөйт.

Чынында андан бери он эки жыл өтүптүр. Мен жыйырма үчкө чыктым. Оокат деп жүрүп элдей болуп окуган жокмун. Бирок, Теңир бизди кур койгон жок, ырыскысын төгүп жатат. Эми үйлөнсөмбү деген пикирге келдим. Апамдын курдашынын кызы бар Таарынкан деген. Ал да мени көргөндө тим эле таамылжып кетет. Он сегизге чыгып, бышып турат. Аяш апам ушул кызын митингдерде көтөрүп жүрүп чоңойтуп алды. Уядан көргөндөрүн балапан кезинен өздөштүрүп алганына мен да кубанам. Анткени бири-бирибизди жакындан билебиз, демек көп деле кыйналбайт болушубуз керек деп ойлойм. Кантип оокат табаарыбыз белгилүү болгон соң эмнеге башыбыз оорумак эле? Алардын деле Арча-Бешикте төрт бөлмөлүү үйү бар. Эки жакты аймаласак турмушубуз кылдырап өтө берет да, туурабы?

Антсе да акыркы кезде митингдер азайып бараткандай. Ошол бизди катуу түйшүккө салчудай. Митингден башка нерсени кыла албасак жашоо оорлошот го? Ошентсе да жакшылыктан күдөр үзбөйлүчү? Ал тургай Өндүрүш Токтонасыров, Турсунбек Акун, Адил Турдукулов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова сыяктуу таанымал кишилер биздин катарда жүрүшпөйбү?  Булар деле эч жерде иштешпейт. Капчыгы калың бирөө-жарым митингге келип калса ушулар чарк айланган көпөлөктөй тегеректеп калышат. Тигилер уялганынан буларга бирдемкесин себелеп кетишет, баракелде деп. Андай учурда булар ого бетер нурданып кетишет, чиркин! Колуна бирдемке түшүп алаканы ысып чыкса, ким кубанбайт? Баарыбыз эле тиргилик кылалы деп жүргөндүктөн мындай нерсени жакшы түшүнөбүз да?

Ушинтип күн көрүп жатабыз. Эл эс ала берсин, бизге эмне шаң? Андан көрө кышка камылга көрөлү, быйыл кыш оор болот деп жүрөктү түшүрүп жатышат. Негизи биз тукумубуздан бери митингчи болуп калдык. Бөлөлөрүм да ушул түйшүктүү жолго түштү башка кесипти тандабай. Кудайга шүгүр дейли, эл жегенди жеп, кийгенди кийип жатабыз. Милисадан башкаларга зыяныбыз жок. Аларды деле жерден алып көргө чапкыбыз келбейт. Эгер алар бизге каршы турбаса камактагылардын жакындары балээни акча төлөйт беле? Ошондуктан милисаларды көп эле кордогонго барбаш керек. Буйруса бүгүн 10до кайрадан Биринчи май райондук сотунун алдында митингчилер топтолобуз. Тигил кызыл көйнөк кийген Текебаевдин портретин өзүм көтөрөм. Ал үчүн кошумча 500 сом төлөшөт. Кана, кимиңер бир күндө бир жарым миң сом иштеп таап атасыңар, айткылачы? Баса, көрөр көзүм … чыгат Чотоновдун портретин көтөрүп. Кой, жөнөйүн ишке!!!