Домой Саясат Бишкектеги сууктан 8 адам көз жумду

Бишкектеги сууктан 8 адам көз жумду

16

Бишкек шаарында 2020-жылдын 1-ноябрынан берки сууктун кесепетинен 8 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскерткендей, абанын төмөнкү температурасы адамдын организминдеги клеткалардагы зат алмашууну төмөндөтөт. Анын кесепети өлүмгө алып келиши мүмкүн.