Домой Коом Бишкектеги СИЗО-1де жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар жаңы жетекчиге нааразы…

Бишкектеги СИЗО-1де жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар жаңы жетекчиге нааразы…

17

Бишкек шаарындагы СИЗО-1деги жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар оозун тигишти. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, абактагылар аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы. Учурда 3 жаран оозун тигип алган.

Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Марс Жусупбековго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деген айыпталып, Октябрь райондук соту аны 4 жылга эркинен ажыраткан. Кийин Бишкек шаардык соту да бул  чечимди күчүндө калтырган. М. Жусупбеков бул өкүмгө макул болбой Жогорку сотко кайрылган болчу.

Жогорку сот бардык чыккан чечимдерди жокко чыгарып кайра жаңы тергөөгө жөнөткөн. Былтыр Октябрь райондук соту жаңы ишти карап чыгып, М. Жусупбековду актаган. Кийин шаардык жана Жогорку сот актоо чечимин күчүндө калтырган.