Домой Коом Бишкектеги башаламандык учурунда жабыркаган жети адам оор абалда

Бишкектеги башаламандык учурунда жабыркаган жети адам оор абалда

56

Бишкектеги башаламандыктан 768 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, баштапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 550 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилген, 218 адам ооруканага жаткырылган, алардын жетөө реанимацияда экени айтылат. 2001-жылы туулган бир адам каза болгон.

Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан.