Домой Кылмыш Кумтөргө жумушка орноштурм деп акча алып, алдап жүргөн аял кармалды

Кумтөргө жумушка орноштурм деп акча алып, алдап жүргөн аял кармалды

15

Бишкектин Свердлов РИИБинде кызматкерлер алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга арыз менен Т.Б. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш аял аны алдоо жолу менен «Кумтөр» компаниясына жумушка орноштурганга жардам берем деп алдап, 60 миң сом акчасын алып, андан ары из жашырып кеткени жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринде бул ишке шектүү катары 31 жаштагы О.Ж. аттуу аял кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн үстүнөн бир канча арыз келип түшкөн. Милиция кызматкерлери кимде ким сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо төмөнкү номерлерге чалууну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 702 44-26-42, 0 508 00-77-74 жана 102.