disfuncion erectil psicologica.
21-июлда Түркия элчилигинин жыйындар залында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жана“Йерли Дүшинже” коому тарабынан “Түрк фильмдер жумалыгы” иш чарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, Түркиянын президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору Себахаттин Балжы жана бир катар коноктор катышышты. Расмий ачылышы 22-июлда Октябрь кинотеатрында болуп, ага Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Түркиянын Кыргыздагы элчиси Метин Кылыч жана башка бир катар белгилүү түрк жана кыргыз режиссёрлору, маданият өкүлдөрү катышты. Көрүүчүлөргө тартуулануучу 5 тасманын арасында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун «Делбирим» чыгармасынын негизинде 1978-жылы түрктөр тарабынан тартылган «Selvi boylum al yazmalım» («Кызыл жоолук жалжалым») тасмасы да киносүйүүчүлөрүнө көрсөтүлөт.
Төлөбүбү Касымалиева