Домой Ден-соолук Бишкекте «Тоо токой/Горный лес» аталышындагы биринчи экологиялык форум өттү.

Бишкекте «Тоо токой/Горный лес» аталышындагы биринчи экологиялык форум өттү.

95

_MG_1001

2018-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Бишкекте “Тоо токой/Горный лес” аталышындагы машстабдуу экологиялык форум болуп өттү. Форумга  граждандык активисттер, «Мурас Кыймылы» коомдук уюмунун өкүлдөрү,  дыйкандар, «Экоферма» (ТМ Ecomade), “Бай түшүм” жана Компаньон банктары, Beeline компаниясы, «TAGS» байланыш бюросунун өкүлдөрү активдүү катышышты.

20 спикер катышып (алардын ичинде АКШдан жана Италиядан келген экспеттер да бар) 300 угуучу – экологдор, токойчулар, мамлекеттик профилдик кызматкерлер, Эл аралык жана коомдук уюмдар катышышты. Форумду КРнын премьер-министри Сапар Исаков ачты.

Аталган форум Кыргызстандагы бак-дарактардын көйгөйлөрүнө багытталган. Учурда токойлордун жоголуп баратышы (5,6% жалпы аянттан) бактарды мыйзамсыз кыюудан жана мал жаюунун кесепетинен айлана-чөйрөнүн абалы төмөндөп баратат. Жергиликтүү тургундардын токойлордун, айдоолордун, бакчалардын, бат өсүүчү бактардын плантацияларынын экологиялык жана экономикалык баалуулуктарынан маалымдуулугу жок болгондугуна байланыштуу айлана-чөйрөгө жага бербеген экономикалык ишмердүүлүк менен алек болуп, мал оттотуп, бактарды кыйып, пестицид жана химикаттар менен чарбачылык кылып жатышат. Бул факторлор айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, климаттын глобалдык өзгөрүүсүндө экологиялык жактан оор кырдаалдарга алып келиши ыктымал. Мисалы, мөӊгүлөрдүн эришин тездетип, биоар түрдүүлүктү кыскартып, абанын сапатын начарлатып, көчкү жана селдин жүрүшүнө алып келет._MG_1008

Азамат Темиркулов, «Мурас Кыймылы” коомдук кошуундун жетекчиси: “Бул форум граждандык активисттердин демилгеси менен уюштурулду. Биздин максатыбыз – тургундарды экологиялык жашоо образына үгүттөп, айыл чарба иштеринде органикалык принциптерди карманып, багбанчылыкты, агротокой чарбасын, эрте өсүүчү бактардын плантациясын пропагандалоо менен бирге өлкөнүн аймагын жашылдандырып, жашылдандыруунун экономикалык, экологиялык жана социалдык артыкчылыктарын туура түшүндүрүү”.

Бактар мөӊгүлөрдү сактоого жардам берет, айлана чөйрөнү жакшыртып, биоар түрдүүлүктү жогорулатып, сел жана көчкүнү алдын алуу менен өлкөнүн экономикасына чоӊ салым кошот. Форум «Тоо токой/Горный лес» идеясын ачып, өкмөттүн “Жаӊы доорго 40 кадам программасына” бап келет. Форумдун негизги максаты айлана чөйрөдөгү бак дарактардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасирин эмес, Кыргызстандын жарандарын бак дарактарга туура мамиле кылууга үндөө.Ош Чон-Алай

Форум болгон күнү өлкө аймактары боюнча бак отургузуу боюнча республикалык флешмоб болду. Флешмобдо  миӊ катышуучу өздөрүнүн каражаттарына бак дарактардын ар кандай түрлөрүн сатып алып, отургузушту. Жашылдандыруу кыймылына Кыргызстандагы ири мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар “Скай Мобайл”, “Бай түшүм”, “Компаньон”, “ЭкоФерма”, Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери да үй-бүлөөлөрү менен өздөрү иштеп жаткан аймактарга бак-дарактарды отургузушту.

Биз бул акцияга катышып эле тим болбостон, келечекте бак дарактардын санын, табигаттын байлыгын көбөйтүп келечек муунга өткөрүшүбүз керек.Ош Араван need to order meds overnight. Ала-Бука Бекабад