Домой Коом Бишкекте таза сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталууда

Бишкекте таза сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталууда

33

Бишкекте муздак сууга жана канализацияга тарифти көтөрүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Суу менен жабдууга – ичүүчү сууну берүүгө тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):

Калк үчүн — 10,45 сом (азыр 8,10 сом);
Бюджеттик мекемелер — 12,95 сом (азыр 9,10 сом);

Башка керектөөчүлөр — 18,50 сом (азыр 13 сом);

Сууну бөлүштүрүүгө (канализация) – агынды сууларды кабыл алууга жана тазалоого тарифтер (1 куб метри үчүн, салыксыз):
Калк үчүн — 3,45 сом (азыр 2,30 сом);
Бюджеттик мекемелер — 4,50 сом (азыр 3 сом);

Башка керектөөчүлөр — 9 сом (азыр 6 сом);

Көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө жаңы тарифтер сунушталууда. Бир чарчы метр жалпы аянт үчүн бир жылга 15,10 сом өлчөмү каралууда.