Домой Коом Бишкекте «Таза шайлоо үчүн» деген акция өтүүдө

Бишкекте «Таза шайлоо үчүн» деген акция өтүүдө

131

Бишкек шаарында «Таза шайлоо үчүн» деген аталышта тынчтык акциясы өтүп жатат. Аны «Баштан башта» кыймылы уюштурду.

Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн «Азаттыкка» билдиргендей, алар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштурууну бийликтен талап кылууда.

29-августта «Таза шайлоо үчүн» коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө.