11-октябрь күнү Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен 14 жаштагы Эмир Нурбековбоюн таштап жиберип каза болгон. Ал Бишкектеги соода борборлорунун биринде достору менен шоколад уурдап, күзөтчүгө кармалып калышканын өспүрүмдүн атасы Нурбек Казаков айтып берип, бул окуяга күзөтчүнүн аракеттери түрткү болгон деп эсептейт.
«Балам сабактан келип, достору менен ойногону көчөгө чыккан. Бир аз акча бергем. Өзүм болсо жумуштарым менен көчөдө болчумун. Кечке маал баламдын класс жетекчиси чалып, Эмир жана дагы эки досу соода борборлорунун биринде уурулук кылып кармалганын айтты. Мен маселени чечиш керек экенин айтып, балдардын кайда экенин сурадым. Мугалим соода борбордун күзөтчүсү менен сүйлөшүүнү айтты. Мен дароо балама чалдым. Ал мага шоколад уурдаганын айтты да телефонун өчүрүп салды. Андан кийин балам телефонун күйгүзгөн жок. Мен улуу баламды чакырып, Эмирди издеп баштадык. Бул убакта мен соода борбордун күзөтчүсүнө бардым. Алар мага орой мамиле кылып, «сен бизге кандай иштешти үйрөтпө, андан көрө балаңды тарбиялап ал» деп колу менен түрттү. Алардын мамилесинен эле түшүнүп, андан көрө баламды издөөнү улантыш керек экенин ойлодум. Түнкү саат 23:00 болду. Баламдан дайын жок. Күчүм жетпесин билип, акыры Свердлов РИИБине бардым. Мени нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери күтүп алып, жетекчиликке алып барды. Ошондо мен баламдан айрылганымды түшүндүм. Алар мага болушунча жумшак кылып, окуяны түшүндүргөнгө аракет кылышты, бирок бул жеңил кабыл алчу окуя эмес эле», — дейт баланын атасы.
Нурбек Казаковдун айтымында, балдарды кармап алган соң күзөтчү өзү суракка алып, ата-энелеринин телефон номерлерин сураган. Бирок анын уулу Эмир ата-энесинин номерин берген эмес.
«Күзөтчү балдарды кармагандан кийин уурулук боюнча айыптаган. Ал балдарга өзүнчө сурак жүргүзүп, аларды коркуткан. Бирок анын милдети таптакыр башка. Ал эгер ууруларды кармадыбы, милиция кызматкерлерин чакыртып, аларга салып бериши керек эле. Болбосо күзөтчү ким? Тергөөчү же балдар менен иштөө боюнча инспекторбу? Соода борбордун кызматкери мындай учурда балдар менен башкача сүйлөшүүсү керек. 14 жаштагы балдардын баары ушундай иштерди жасаганга азыр кызыгып турган убагы. Аларды силер кылмышкерсиңер, эртең уят болосуңар деп коркутса, балким, ишенишкендир. Себеби алар азыр кылып жаткан иши үчүн кандай жоопкерчилик тартышаарын анализдей албаган учуру да. Ал эми күзөтчү чоң адам болгондуктан, балдар менен иштегенди, же өзүнүн милдетин так билиши керек. Бирок күзөтчү балдарды соода борбордун жер төлөөсүнө киргизип, сурак кылган. Эмирдин эки досунун ата-энелерин чакыртып алар келишкен, ал эми балам менин номеримди бербестен, ал жерден качып чыгып кеткен. Дагы жакшы эки баланын ата-энеси келишиптир.
Мыйзам боюнча өспүрүмдөр 14 жаштан баштап уурулук үчүн жоопкерчиликке тартылат. Эгер өспүрүм 10 миң сомдон өйдө буюмдарды уурдаса же имаратты талкалап кирген болсо. Бирок ошол эле өспүрүм майда уурулуктарды кылса, анда ата-энелер, өспүрүм менен иштөө инспекциясы иш алып барышы керек. Бизде соода борборлордо иштеген күзөтчүлөр ушундай окуяларда өз милдеттерин билишпейт деп айта алам. Бул албетте, менин оюм. Алар мыйзамды, кишилерди кандай учурда кармоону билишпеген өңдүү. Болгону алар коркутканды билишет. Анан дагы андай жайларга бою узун, чымыр денелүү балдар алынат, башка критерийлер каралбайт. Биздин мамлекет бул маселени караш керек. Меникиндей бала ар бир шаар тургунунда бар. Алар дагы эртең ушундай окуяларга кабылып калышы мүмкүн. Же биз балдарыбызды эшикке чыгарбай, үйгө камашыбыз керекпи? Мен баламды кармаган күзөтчүгө жолукканда деле ал «балдарды көпкө суракка алдым, балаңыздан номериңизди сурадым» деп айтты. Ушул нерсе алардын балдар менен иштей албастыгын көрсөтүп жатпайбы», — дейт Нурбек Казаков.
Маркум Эмир келечекте психолог болууну кыялданып, спорт менен машыгып келген.
«Баламды мен чынчыл кылып тарбиялагам. Үч балам бар. Эмир ортончусу болчу. Балам секирген көп кабаттуу үй мага тааныш эмес экен. Биздин үйдөн дагы алыс. Ал жерге балам кантип барып калды деп ойлоп жатам. Мен бул окуядан кийин Свердлов райондук прокуратурасына кайрылдым. Алар бул ишти карап чыгышы керек. Мен алардан тыкыр иликтөөнү күтөм. Себеби бул чоң маселе. Мен баламды жоготтум, бирок шаарда канча деген өспүрүм бар», — дейт Нурбек Казаков.
Өспүрүмдөр шоколад уурдаган соода борборунда коопсуздукту «Снейк» менчик күзөт агенттиги камсыздайт. Биз агенттикке барып, бул окуя боюнча кайрылганыбызда, күзөт кызматынын башчысы Канатбек Саргалдаков суроолорго жооп берди. Ал учурда окуя болгон күнү иштеген кызматкер убактылуу жумуштан бошотулганын жана ички иликтөө иши жүрүп жатканын айтты.
«Биринчиден, бул окуя боюнча өспүрүмдүн жакындарына көңүл айтабыз. Биз менчик күзөт агенттигибиз жана бул соода борбор менен келишим түзүп иштейбиз. Ошол күнү үч өспүрүм кассага акча төлөбөй чыгып кетишкендигинен улам, биздин кызматкерлер балдардын сумкасын текшеришкен. Анда шоколад жана энергетикалык суусундук табышкан. Баасы 1000 сомго жакын. Биздин кызматкерлер милиция кызматкерлерин чакыртышкан эмес. Себеби алар бул ишти жакшы жагынан чечели деп ойлошуп, андан көрө ата-энелерин чакыртып айталы дешкен. Эгер милицияга беришсе, резонанс жаралып, балким, балдар мектепке барбай коюшмак. Бизге эки баланын ата-энеси келген. Ал эми бирөөнүкү келген эмес. Ошондой эле ал баланы келген ата-энелер алып кете албастыгын дагы айтышкан. Бизде жумуш улана берген, ал эми бала качып чыгып кеткен. Анын артынан издеп эч ким караган эмес. Андан соң баланын атасы келди. Кызматкерлер окуяны айтышты. Эртеси тергөөчү келип, бардык видео материалдарды алып кеткен», — дейт ал.
Саргалдаков күзөт кызматкерлерин жумушка алууда ИИМден соттолбогону тууралуу жана психикалык жактан жабыркабаганы боюнча маалым кат алынарын билдирди.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 19-октябрда маркум баланын атасы Нурбек Казаковдун Свердлов райондук прокуратурасына кайрылган арызы учурда кароо стадиясында экендигин прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Булак: Супер