Домой Криминал Бишкекте пакистандык жаран оюнчук тапанча менен банкты тоногонго аракет кылды

Бишкекте пакистандык жаран оюнчук тапанча менен банкты тоногонго аракет кылды

28

Бишкекте 7-декбарь кечке маал 22 жаштагы пакистандык жаран Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банктардын бирине кирип, кассаны тоноп кеткенге аракет кылган. Ал англис тилинде сүйлөп, акча талап кылганы менен акча албастан качып кеткен. Милиция анын изине түшүп,тез эле кармаган. Анын колундагы тапанча оюнчук экени аныкталганын Ленин райондук милициясы кабарлады.  Кылмышка шектүү  азырынча бир айга камалган…