Бишкек шаардык кеңешинде окуучулардын кышкы каникулун 14-декабрда эле баштап, 17-январга чейин улантуу тууралуу сунуш айтылды. Шаардык кеңештин депутаттары 2-декабрдагы сессияда каникулга кеткен ашыкча күндөр үчүн балдарды кийин май айында окутса болорун айтышты.
Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маселени мэрия чечпей турганын билдирип, сунушту Билим жана илим министрлигине жөнөтөрүн айтты.
Мэриянын маалыматына караганда, азыр борбор калаада 638 бала коронавирус менен ооруп жатат. Адатта кышкы каникул 30-январда башталып, 11-январга чейин уланат