Домой Коом Бишкекте М.Горький атындагы гүл бакчаны реконструкциялоо жыйынтыкталды

Бишкекте М.Горький атындагы гүл бакчаны реконструкциялоо жыйынтыкталды

120

Бишкек мэриясы Исанов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Максим Горький атындагы гүл бакчанын реконструкциялоону жыйынтыктады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев гүл бакчанын курулушунун сапатын текшерип, кемчиликтерин таап, кээ бир жерлерге таман таштарын коюуну тапшырды.

Гүл бакчага түстүү таман таштарды орнотуу, ирригациялык түйүндү жаңыртуу, сугат арыктарын төшөө жана тышкы жарыктандырууну модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, чырактар, жаңы отургучтар жана таштанды үчүн урналар орнотулду.

Белгилей кетсек, гүл бакчаларды реконструкциялоо калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп, шаардык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоордун наркы – 7 миллион сомду түзөт.