Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга бул тууралуу билдирүү кечээ, 20-июнда саат 16:40 чамасында келип түшкөнү аныкталды. Бала Ала-Арча дарыясынан көпүрөнүн астынан табылды.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, түйүлдүк болжол менен беш айлык, балким ал өлүп төрөлгөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, – деп билдиришти милиция бөлүмүнөн.
Булак: KyrgyzToday.kg