Бишкек шаарынан кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган студия табылды, деп билдирди 11-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси («Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу») менен каралып жатат.
«Акыркы жылдары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “веб-кам” бизнесинин “жашыруун” индустриясы түзүлүп, бул сойкулук жана порнографиянын жайылышына байланыштуу коомдук мамилелердин өнүгүүсүнүн логикалык уландысы болуп калган», — деп белгилейт министрлик.
6-апрелде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери компьютердик клуб деп катталган белгилүү студиянын дарегин аныктап, текшерүүгө алынган. Бул дарек документтер боюнча жубайларга катталган. Бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган. Өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.
«Бул жерде болжол менен 20-25 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштегени белгилүү болгон. Алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталды.
Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Ошондой эле сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду.
Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайга ижара акы катары ай сайын 700 АКШ доллары төлөнөт», — деп айтылат расмий маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул даректен жалпы 30 компьютер табылган.