Кечээ, 12-июнда Бишкектин Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Керемет Банктын” сактык кассасы тонолду. Бул тууралуу ички иштер органдарындагы өздүк булактар тастыкташты.
Колубузга тийген сүрөттөр менен тасмаларга таянсак, чак түштө, саат 12лер чамасында банктын филиалына кирип келген эки азият түспөл белгисиз жарандар пистолет колдонуп, кассирлерди коркутуу менен 2 млн.сомго(9600 АКШ доллары) чукул акчаны көтөрүп кетишкен.
ИИМдин расмий өкүлчүлүгү азырынча маалымат бере элек.
Булак: informator.kg