Бишкекте бүгүн коомдук транспорттун бардык түрүнө уруксат берилди. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 110 троллейбус жана 112 автобус жолго чыкты.
Ал эми маршруттук кичи автобустар адаттагыдан дээрлик 50% аз чыкты – болжол менен 800-900 даана.
Муну адистер бүгүн Кыргызстанда расмий түрдө дем алыш күн деп жарыяланганы жана жүргүнчү ташууга коюлган жаңы чектөөлөрдөн улам жол акыдан киреше табуу мүмкүнчүлүгү азайганы менен түшүндүрүүдө.