Домой Ден-соолук Бишкекте акысыз вакцина кимдерге жасалат?

Бишкекте акысыз вакцина кимдерге жасалат?

62

Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору орусиялык өндүрүштөгү сасык тумоого каршы “Гриппол плюс” вакцинасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, курч дем вирустук ооруларга каршы вакцинациялоо төмөнкү категориядагы адамдарга акысыз жасалат:

– Жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген медкызматкерлерге жана ҮМБнын дарыгерлерине;

– Балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн кызматкерлерине, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар, кант диабети, ашыкча салмагы бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга.

Эмдөөнү алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрылууга болот.

Андан сырткары вакцинациялоо акы төлөө менен жеке медициналык клиникаларда жүргүзүлөт: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», Клиника пр.Асымбековой, ЦАДМИР, «Интермедикал».