Домой Аналитика Акнет компаниясынын негиздөөчүсү Кубан Ажимудинов президентке ачык кат жазды

Акнет компаниясынын негиздөөчүсү Кубан Ажимудинов президентке ачык кат жазды

64

Акнет компаниясынын негиздөөчүсү Кубан Ажимудинов президент Садыр Жапаровго ачык кат жазды. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйынында анын адвокаты Абас Мамбетакунов билдирди.

Маалыматка ылайык Акнеттин негиздөөчүсү 2,5 жылдан бери абакта отурганы акыйкатсыз. Буга байланыштуу Кубан Ажимудинов президентке ачык кат жолдоп, абактан боштууну суранууда. «Мага алар компанияны рейдерлерден тартып алганын айтышты. Эми эч кимди таарынтпаш үчүн компанияны мамлекеттин пайдасына алууну каалашууда. Мен макулмун, алып кеткиле, мени дарыланууга коё бергиле. Чыныгы рейдерлер бошотулду. Мени салык үчүн кармап жатканын айтышууда. Бирок, салык төлөөчү жеке мен эмес, Акнет компаниясы. Мен ишенем, тарых эртеби -кечпи баарын ордуна коет », — деген кайрылууда Кубан Ажимудинов.

Ошондой эле бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйында Кубан Ажимудиновдун 87 жаштагы атасы акыйкат издеп президентке кайрылды.

Адвокат анын кардары көп ооруга чалдыкканын белгилеп, дарылануу учун бошотууну суранды.
Адвокаттын айтымында, кылмыштын курамы жок. “Анын күнөөсү эмнеде — ал өзү негиздеген компанияга барганбы?»  — деди Абас Мамбетакунов.

Белгилей кетсек, 2020 -жылдын октябрь айында социалдык тармактарда Кубан Ажимудинов агасы менен бирге Акнетке келип, имараттын штамптарын жана ачкычтарын алууга аракет кылган видео пайда болгон. Бишкектеги тополоңдон кийин ал компаниясын кайтарып алууга аракет кылган. Интернет провайдердин өкүлдөрүнүн айтымында, Ажимудинов аны компаниянын президенти кылып дайындоону талап кылган.

Кубан Ажимудинов ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу, салык төлөөдөн качуу жана бюджетке төлөнүүчү башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мыйзамсыз курал -жарак, ок -дарыларды жүгүртүү жана документтерди жасалмалоо боюнча шектелүүдө.