Домой Коом Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды.

Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды.

455

Криминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиционерлер шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, аны кармаган соң, чындап эле жанындагы сумкада тери бар экени аныкталган. Учурда тери кайдан алынганы иликтенип жатат. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдар изделүүдө.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 295-беренесине («Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо») ылайык сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү суракка алынган соң, чакырган учурда келүү милдеттемесин алып коё берилди.