Домой Коом Бишкекке азык-түлүк ташып кирүүнүн жол-жобосу жазылган буйрук чыкты

Бишкекке азык-түлүк ташып кирүүнүн жол-жобосу жазылган буйрук чыкты

74

Бишкекке азык-түлүк, дары-дармек жана кара май ташып кирүүгө тоскоолдук болбойт. Бул тууралуу 26-мартта вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин коменданты бул жөнүндө буйрук чыгарды. Буйрукту товар ташуучу компаниялар кагазга чыгарып алып, блок-посттогу текшерүүчүлөргө башка тийиштүү документтери менен чогуу көрсөтүшү зарыл.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Күндүз адамдар дүкөнгө, дарыканага жана банкка бара алат. Жумушка барчулардын уруксаты болушу зарыл.

Бишкекте ушу тапта 120 блок-пост орнотулду. Шаарга сырттан кирүүгө уруксат жок.

Булак: Азаттык