Домой Коом Бишкек шаарындагы бала бакчалардын иши кырдаал турукташканча жанданбайт

Бишкек шаарындагы бала бакчалардын иши кырдаал турукташканча жанданбайт

47

Бишкек шаарындагы бала бакчалардын иши кырдаал турукташканча жанданбайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Борбор калаадагы муниципалдык бала бакчалардын ишин токтотуу чечимин 6-июлда эпидемияга каршы шаардык комиссия кабыл алган. Буга шаардагы айрым бала бакчалардын кызматкерлери коронавирус жуктуруп ооруганы себеп болгон. Мэриянын маалыматына ылайык, комиссиянын чечими муниципалдык бала бакчаларга гана тиешелүү.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт.