Бишкек шаарында уюлдук телефондорду уурдап, аларды кайра сатып жүргөн шектүүлөр кармалды, деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы.
2022-жылдын 27-октябрында милиция кызматкерлерине кайрылган жабырлануучу карындашынын телефону уурдалганын билдирген. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, 1985-жылы туулган А.С., 1993-жылы туулган Б.Н., 1983-жылы туулган Г.С. кармалып, убактылуу камакка алынган.
Текшерүү учурунда шектүүлөрдөн 4 ноутбук, 6 планшет жана 305 уюлдук телефон табылды. Техикалык каражаттардын арасында уурдалгандары да бар. Алардын ээлери буга чейин милицияга кайрылышкан.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (кылмыштуу жол менен алынган мүлккө ээлик кылуу) жана 222-беренеси (кылмыштуу жол менен алынган кирешени легалдаштыруу) менен дагы иш козголду. Уурулук кылмышынын башка катышуучулары изделип жатат.