Домой Саясат Бишкек шаардык транспорт башкармасына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек шаардык транспорт башкармасына жаңы жетекчи дайындалды

27

Акматбаев Таалайбек Бишкек шаардык мэриясынын транспорт башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Буга чейин Акматбаев Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин орун басары болуп иштеп келгени маалым болду.

Акматбаевгечейин Бишкек шаардык транспорт башкармалыгын Сатыбалды Хакимов жетектеген.