Домой Саясат Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуучу партиялардын саны 22ге жетти

Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуучу партиялардын саны 22ге жетти

57

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган партиялардын саны 22ге жетти.

“Кыргызстан жаштар прогрессивдүү партиясы” жана “Ак-Бата” партиясы документтерин тапшырды. Буга чейин төмөнкү партиялар шайлоого аттана турганы белгилүү болгон. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы”, “Патриот” , “Социал-демократтар”, “Улуу журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек”, “Ата Мекен”, “Легалайз”, “Ыйман нуру” , “Жашылдар партиясы”, “Ишеним”, “Ата-Журт”, “Бирге-Вместе”, “Эркин тандоо”, “Кыргызстан коммунистер партиясы”, “Ынтымак”, “Замандаш”, “Реформа”, “Биздин эл”, “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы.