“Өнүгүү-Прогресс” жана Социал-Демократтар партиялары Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип аймактык шайлоо комиссиясына кайрылды.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, партиялардын арызы 13-июнга чейин кабыл алынат. Саясий уюмдар ага чейин съезддердин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек.
“Кайра шайлоо болуп жатканына байланыштуу шайлоонун мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарат. Ошон үчүн үгүт иштери 21-июндан 10-июлга чейин жүрөт”, — деди Маматов.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.
Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын үч чоң шаарына кайра шайлоону 11-июлга дайындады.
azattyk.kg