Домой Коом Бишкек милициясы: имамдарды шайлоонун үгүт иштерине аралашпоого чакырды

Бишкек милициясы: имамдарды шайлоонун үгүт иштерине аралашпоого чакырды

138

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери 2-декабрда борбордо жайгашкан мечиттердин биринде имамдар менен жолугушту. Жыйынга жалпысынан 71 мечиттин имамдары катышты.

Жолугушууда милиция 10-январга белгиленген өлкө башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болорун эскертип, коомдук коопсуздуктун алдын алуу жана мыйзам бузууларга жол бербөө зарылчылыгын эскертти. Мындан тышкары имамдарга шайлоо учурунда үгүт иштерине аралашпоого үндөдү. Ошондой эле диний экстеримздин алдын алуу үчүн укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Жыйында Бишкектеги айрым мечиттердин документтери жоктугу эскертилип, аны мыйзамдаштыруу зарылчылыгы белгиленди. Мындан тышкары коронавирус илдети жайылып кетпөөсү үчүн намазга келген жарандардан санитардык эрежелерди сактоосу талап кылынуусу эскертилди.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга дайындалган.